7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акысыз автобустар шаар тургундарын ташууну улантууда

428

Акысыз автобустар шаар тургундарын ташууну улантууда. Бул тууралуу шааардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, маршрут айдоочулары иш таштагандыгына байланыштуу, борбор калаада шаардыктарды бекер ташыган автобустар ишин улантууда. Борбордун муниципалдык коомдук транспорту дагы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

«Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги тарабынан берилген автобустар №100- маршрут каттамы менен иштейт. «Алга» футболдук клубунан 18 орундуу автобус жана «Оптима» банкы берген унаалар №214- маршрут боюнча жүргүнчүлөрдү ташууда. №240 каттам боюнча Батыш автобекетинен 2, «Мадина» базарынан 2 автобус убактылуу каттап жатышат. Биздин шаар тургунубуз берген автобус №211- маршрутту менен катоодо. Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү, Чүй жана Манас проспектилери боюнча, борбор калаанын активисттери тарабынан берилген 4 автобус шаар тургундарына жеткирүүдө»,-деп берилет маалыматта.

Эске салсак, 2-июндан тарта борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Буга байланыштуу коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда. Маршруттук таксилер бүгүн үчүнчү күн ишке чыгышкан жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

429