7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиялык режиссёр издөө салган Кыргызстандык курьер табылды (ФОТО)

1686

“Жакынкы аралыкта” фильминин режиссёру издөө жарыялаган Кыргызстандык курьер Кайратбек Нурбол уулу табылды. Бул тууралуу орусиялык актриса Ксения Раппопорт Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

Ал табууга жардам берген ар бир жаранга ыраазычылык билдирди.

Кайрат менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, алдына: “Достор, кимде-ким биз менен чогуу Нурболду издешип, сары санаа болгон болсо, рахмат, табылды. Кечээ көркөм фильмдин премьерасына келген ар бир жаранга рахмат”, — деп жазган.

Белгилей кетсек, “Жакын аралыкта” фильми 28-октябрда чыгат. Фильмде Инга аттуу актрисанын курьер-мигрантты өзүнүн үйүнө алып келип, жашаткандыгы баяндалган. Ал эми башкы ролду Ксения Раппопорт ойногон. Режиссеру Григорий Добрыгин. Эң кызыгы курьер-мигранттын ролун Кыргызстандан Москвага барып, курьер болуп иштеп жаткан Кайратбек Нурбол уулу жараткан.

Ошондой эле фильм тартылып бүткөн соң Кайратбек Нурбол уулу дайынсыз жоголуп кеткен. Чыгармачыл топ аны табуу үчүн коомчулукка жардам сурап кайрылышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1687