7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиянын Туапсе шаарындагы көчөнү кайнаган мунай каптаган

337

Краснодар крайынын Туапсе шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдо чыккан өрттөн кийин кайнаган мунай көчөнү каптаган.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башчысы билдирди.

«Үчүнчү резервуардан мунай заттары кайнап, ташып, натыйжада жолду каптап, бир нече автоунаа зыян тартты», — деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү.

Губернатор жергиликтүү тургундарды эвакуациялоону тапшырды.

«Astra» Телеграм каналы билдиргендей, окуя Кошкин көчөсүндө болгон. Бийлик өкүлдөрү Кошкин, Пушкин көчөлөрүнүн жана ага жанаша жайгашкан капчыгайлардын тургундарын эвакуациялады.

Туапседеги заводдогу ири өрт 28-апрелге караган түнү Украина дрондорунун соккусунан кийин башталган. Бийликтин маалыматы боюнча, жабыркагандар жок. Шаарда аймактык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бул эки аптанын ичинде Туапсеге жасалган үчүнчү чабуул, ал өрт жана олуттуу экологиялык кесепеттерге алып келди.

338