7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиянын жаранын өлтүргөн эки шектүү Бишкектен кармалды

754

Россиянын жаранын өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жарандар Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-июнунда саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө арыктан киши колдуу болуп өлгөн белгилери бар европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Бул факты боюнча Токтогул РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 44 жаштагы Д.К. аттуу жаран болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, июнь айында аталган жаран өзүнүн унаасы менен шектүүлөр Ж.Т. жана А.М. менен биргеликте Россиянын аймагынан чыгып кетишкен. Алар Кыргызстанга келгенден кийин, Россиянын жаранын өлтүрүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышкан.

Өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М. кармалып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар, Бишкек шаарында жашырынып жүрүшкөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755