7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиянын жасалма паспорту менен жүргөн жаран кармалды

636

Кыргызстандын чек арачылары Россиянын жасалма паспорту менен жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Кайыңды-темиржол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек ара кезмети “Бишкек — Самара” каттамындагы поезддин жүргүнчүлөрүн паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү учурунда толугу менен жасалма белгилери бар Россия Федерациясынын чет элдик паспортун көрсөткөн жаранды аныктаган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн кармалган жаран компетенттүү органдардын аймактык тарамынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

 

 

 

637