Жалал-Абадда 5 жаштагы кызды тайкесинин баласы тир мылтыгы менен атып алган. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Милицияга Жалал-Абад облустук балдар хирургия бөлүмүнүн дарыгери кабарлаган. Себеби, 17-январь күнү саат 16:52 чамасында Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айыл аймагынын жашоочусу 5 жаштагы кызды тайкесинин 6 жаштагы баласы тир мылтыгы менен ойноп жатып, байкабастан ичине атып алган.
Кыз Жалал-Абад облустук оорукананын балдар хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Учурда териштирүү иштер жүрүп жатат.