7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Рух санат» фестивалына кирүү акысыз

256

Дүйнөлүк «Рух Санат» фестивалына саналуу күндөр калды. Кыргыз маданиятындагы жылдын маанилүү окуяларынын бири 1-августтан 3-августка чейин Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда акысыз өтөт.

Бул фестиваль этностордун салттуу кайрыктары менен байытылган музыка аркылуу адамзаттын терең руханий дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Отуздан ашуун өлкөнүн маданияты бир сахнада көрүүгө болот.

«Рух Санат» фестивалынын программасы бир катар тематикалык жайларды камтыйт. Алар кыргыз элинин салттуу жашоо образын жана бай маданиятын толук көрсөтүүгө багытталган.

Ошондой эле, кыргыздын салтындагы салбуурун (куш салуу), шырдактар жана улуттук оймо-чиймелерди камтыган улуттук инсталляциялар көрсөтүлөт. Бардык сахналар байыркы кыргыздын оюулары менен кооздолот. Кадам сайын, кыргыздын этностук өзгөчөлүктөрү, биздин дүйнөбүздүн, жашообуздун деми катары билинип, сезилип туруусу абзел.

Ар күнү кечки саат 20:00дөн 22:00гө чейин салттуу музыканы алып жүрүүчү-аткаруучулардын катышуусунда жандуу концерттер өтөт. Бул концерттер лазердик шоулар, LED-экрандар жана күчтүү акустикалык жабдыктар сыяктуу заманбап технологиялар менен коштолот. Бардык аткаруулар жандуу болот.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

257