7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Руслан Казакбаев БУУнун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

486

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаалды жана алдыда боло турган реформалардын жүрүшүн, КРнын жаңы Конституциясынын долбоорун, мыйзамдарды инвентаризациялоону, адам укуктары менен эркиндиктерин илгерилетүүнү, ошондой эле актуалдуу маселелерди жана БУУ менен кызматташтыкты талкуулашты.

Герман БУУнун башкы катчысы саясий, экономикалык жана экологиялык кризистердин, ошондой эле мамлекеттер аралык коркунучтардын алдын алуу максатында Кыргызстандагы жана региондогу динамикалык саясий жана демократиялык процесстерди байкап турганын айтты.

Алдыдагы жергиликтүү шайлоолор, Конституция боюнча референдум жана парламенттик шайлоолор демократиялык принциптерге ылайык өтсө деген тилегин билдирди.

Мындан тышкары, Н.Герман коронавирус пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө, мамлекеттик башкарууну реформалоодо, мыйзамдарды инвентаризациялоодо, инвестициялык климатты жакшыртууда КРнын артыкчылыктуу багыттарын колдой турганын белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487