7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Руслан Казакбаев Черногориянын президентине грамота тапшырды

275

Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы резиденциясында Черногориянын президенти Яков Милатовичке ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанаттын жүрүшүндө элчи Казакбаев Яков Милатовичке президент Садыр Жапаровдун саламын айтып, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын Черногория менен саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты арттырууга умтулуусу белгиленди.

Элчи Казакбаев маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Черногориядан келген спортчуларды 2026-жылы өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

276