7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Руслан Казакбаев Тажикстандын элчисин кабыл алды

1322

31-майда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу тажик тарабынын демилгеси менен уюштурулду. Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарында тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууга өзгөчө басым жасалды. Апрель айында болгон кайгылуу окуялардын контекстинде министр  Казакбаев достук мамилелерин бекемдөөгө жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы куралдуу кагылышууларды болтурбоого өбөлгө түзүүгө чакырылган Бишкектеги жана Душанбедеги эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жоопкерчиликтерин жана дипломаттардын алдыңкы ролун өзгөчө басым менен белгиледи.

Министр Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынан өтүүсүн кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен сүрөттөө боюнча практикалык натыйжаларга жетишүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, эки мамлекеттин аймактарында Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарынын мыйзамдуу туруусуна тиешелүү маселелер талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1323