7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рыскелди Момбеков КУУнун дипломун мыйзамсыз алганы ачыкталды

1090

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев БШКнын 18-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын ачыктады.

Маалыматка ылайык, тергөө бөлүмдүн атайын кызматы 2020-жылдын 5-мартынан бери Рыскелди Момбековго байланыштуу «документтердин жасалмасы” беренеси боюнча ишти териштирип жатат.

«Кыргыз улуттук университетинин 1997-жылы сырттан окуу бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу жана 2003-жылы сырттан окуу бөлүмүн «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн арасында Момбеков көрсөтүлгөн эмес. 2003-жылы Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча (№196 каттоо номери) Михаил Стародубовго берилген. Момбековго аталган окуу жайдын диплому берилген эмес. 2011-жылы Рыскелди Момбеков Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимди алган. Талапкердин биринчи жогорку билими жок болгондуктан экинчи жогорку билимди ала алмак эмес», — деп билдирген бөлүм жетекчиси.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1091