Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.
Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.
Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.
Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды. Айсулуу Тыныбекова буга чейин Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон.
Жеңишке жетип, кубанычтан улам улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекованы көтөрүп, килемди тегеренип чуркады.