Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 13-мартта, Азербайжандын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Ганлдилов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүү пландалып жаткан биргелешкен иш-чаралар талкууланды.