Ички иштер министрлигинин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 7-марттан 12-мартка чейин Таиланддагы Бангкок шаарында аралаш мушташ (ММА) боюнча «ONE LUMPINE» аталыштагы турнирде болуп өттү.
Ага Кыргызстандан Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкери, милициянын улук прапорщиги Саламат Орозакунов да катышкан. Бул турнирде милициянын улук прапорщиги Орозакунов 84 кг салмак категориясы боюнча чыгып, атаандашын жеңип алды.