7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркия: Кыргызстандан жеткирилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окушууда

557

Кыргызстандан жардам катары Түркияга берилген 120 боз үйдө түрк эли жашап, окуучуларга сабак өтүлүүдө. Алар кыргыз элине ыраазычылыгын билдиришкен. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасында сүрөт, видеолор менен бөлүштү.

“Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чекен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик. Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бул шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат.

Биздин жигиттер Кахраманмарашта каармандыкты көрсөттү. 120дан ашуун боз үйлөр мына ушул жерге тигилген. Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө бул жердин штабында илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичи экен. Түрк туугандарыбыздан бул тууралуу сураганыбызда “Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди. Сиздерге ыраазыбыз! ” деп жооп берди.

Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт… Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен!” деп, текши ооздон айтты…
Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик.

Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез,губернатор Хайдар Мете менен бирге эл менен жолуктук.
Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот…”,-деген билдирүү калтырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558