7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту (фото)

1626

 Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болду. Муну менен спортчу экинчи ирет аталган мелдештин жеңүүчүсү аталды.(2017-жылы алтын медаль уткан)

Түркиядагы турнирде кыргызстандык 11-августта 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Тыныбекова чейрек финалда казакстандык спортчуну 12:2 эсебинде жеңип, жарым финалда Сенегалдын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү беттеште Тыныбекова гвинеялык Фатумата Ярие Камара менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.

Бул медаль Кыргызстан үчүн Ислам шериктештиги оюндарындагы бешинчи байге, анын ичинен экинчи алтын. Алгачкысын Эрназар Акматалиев алган. Өлкөнүн капчыгында 1 күмүш медаль да бар.  (Алмаз Сманбеков-эркин күрөш)

9-19-август аралыгында Конья шаарында (Түркия) бешинчи Ислам шериктештиги оюндары өтүп, ага 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышууда. Жалпысынан спорттун 24 түрү боюнча 483 медаль ойнотулат. Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча 150 ашуун спортчу мелдешке катышмакчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1627