7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту

1056

Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде кыргызстандык спорчу Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады.

Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Ал эми, алтын үчүн кармашта кыргыз кызы кытайлык Сяоцзюнь Луону 3:2 эсебинде артта калтырып, турнирдин алтын медалына татыды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, ушул эле жылдын 3-февралында Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова дал ушул кытайлык Сяоцзюнь Луого жеңилип, мелдешттен четтеп калган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1057