Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов таймашка чыкты.
Ал 77 кг салмакта күрөштү. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде америкалык Камал Бей менен күч сынашты.
Кыргызстандык балбан атаандашын 4:0 эсебинде жеңди.
Эске салсак, Камал Бей — Акжол Махмудовдун эски атаандаштарынын бири. Буга чейин алар жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында эки жолу күрөшкөн.