7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүнчү! Тынар Шаршенбеков алтын медаль утту

869

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык Poland Open мелдешинде алтын медаль утту.  Аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, Шаршенбеков  63 килограмм салмакта финалда ирандык Сэм Далири Хоссейн менен күрөшүп, аны 3:1 эсебинде жеңип алды.

Тынар Шаршенбеков апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн күрөш боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль уткан.

Варшавада (Польша) өтүп жаткан эл аралык мелдеште Тынар Шаршенбековдон тышкары байгелүү орундарга Мээрис Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Жоламан Шаршенбеков жана Улан Муратбек уулу ээ болушту. Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда Эстониядан келген тажрыйбалуу балбан кыз Эпп Мяэге жеңилип, күмүш медаль тагынды. 68 килограмм салмактк Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фен Чжоуга утулуп, күмүш байге утту. Ал эми грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков жаракат алып калгандыктан финалда күрөшө алган жок, алтын байге жапониялык Кеничиро Фумитага берилип, Жоламан Шаршенбеков күмүш медаль тагынды. Күрөштүн бул түрүнөн 55 килограмм салмакта Улан Муратбек уулу коло байге алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

870