Бүгүн, таңкы саат 05:54тө Нарын облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтунун маалыматына таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Жер титирөө Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында 3 балл, Өрнөк, Конорчок айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
«Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок»,-деп айтылат маалыматта.