Кыргыз тарап чек арадагы кырдаал оорлоп кетпеши үчүн болгон аракетти көрүп жатат. Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Согди облусунун губернатору Ражжаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалыматты Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Учурда чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын тиешелүү жетекчиликтери тажикстандык кесиптештерине жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Окуя эмнеден тутанганы иликтенүүдө.
Облус башчысы тиешелүү тапшырмалар берилгенин, учурда чек арада абал туруктуу экенин билдирди. Мындан сырткары кыргыз тараптан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.
УКМКнын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнда таңга жуук 6:50-7:00дө тажик чек арачылары биринчи ок атканын, ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарганын билдирген. 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10до атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин кабарлаган.