7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйлөшкөн кызынын 17 жаштагы досун зордуктаган бала кармалды

2830

Бишкек шаардык милициясы тарабынан жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 28-августта Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБге С.У. аттуу кыз кайрылып, “А” аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал 27-августта 23:00дөр чамасында “Алтын-Ордо” конушунда эркине каршы күч колдонуп, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасап, андан кийин кызды үйүнө таштап, өзү белгисиз жакка кетип калган.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 162-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук”) боюнча Октябрь райондук милициясынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Октябрь РИИБинин кызматкерлери  шектүү катары 1995-жылы туулган С.А.ны карма, райондук соттун чечими менен убактылуу кармоочу абак жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Эскерте кетсек, буга чейин досунун жигити тарабынан зордукталгандыгын айтып, 17 жаштагы өспүрүм кыз арыз жазгандыгы тууралуу маалымат таркаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2831