«Ата-Мекен» жана «Реформа» партиялары биригишкен жок. Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынан билдиришти.
Партия өкүлдөрүнүн айтымында, бул эки тараптын алдын ала гана жолугушуусу болгон.
«Биз өлкөдөгү кырдаалды, шайлоону жана партиялардын Жогорку Кеңешке көрүп жаткан даярдыктарын талкууладык. Биригүү маселеси эки тарапта тең ачык бойдон калууда», — дешет алар.
Белгилей кетсек, саясий активист Адил Турдукулов социалдык тармактардагы баракчаларында «Ата-Мекен» менен «Реформа» партияларынын биригүүсү тууралуу сүрөт жарыялаган.