7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Эркек төрөбөйсүң» деп аялынын өлүмүнө себепкер болгон 4 кыздын атасы бошотулду

2209

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда сот үй-бүлөлүк зомбулук жана аялын өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргени үчүн шарттуу түрдө (пробациялык көзөмөл) эркек кишиге өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районуну 38 жаштагы тургуну У.У.А. 2020-жылдын 6-ноябрында камакка алынган. Анын 33 жаштагы  жубайы 2020-жылдын 23-сентябрында өзүлөрү жашаган үйдүн короосунда пресс жип менен муунуп, каза болгон. Ага күйөөсү 22-сентябрь күнү мас болуп келип “эркек төрөбөйсүң, мени укпайсың” деп зордук-зомбулук көрсөтүп, кадыр-баркына шек келтирген. Ызаасына чыдабаган аял асынып алган. Жубайлар 15 жыл бирге жашашкан, ортолорунда 4 кыз бар. Алардын улуусу 7-класста окуйт, ал эми эң кичүүсү 1 жаш 2 ай.

Соттук териштирүү жолдошу күнөөсүн жарым -жартылай мойнуна алган. Окуя болгон күнү жубайлар талашып-тартышып кетишип күйөөсү аялын жаакка чапкан. Андан соң жатып алган. Эртең менен туруп кыздарынын үстү жабылбай калганын байкап аялын издеген. Эшикке чыгып аялынын асынып турганын көрүп, кошуналарынын жардамы менен жерге түшүрүп, жасалма дем алыдырышкан.

Маркумдун таежесинин айтымында, сиңдиси менен күйөө баласы бири-бирин сүйүп баш кошушкан. Айнура үчүнчү кызын төрөгөндө күйөө баласы кызын жээрип, чыр чыгарып, аялын ооруканадан чыгарууга барбай койгон.  Ошондой эле 22 -сентябрга караган түнү Айнура жеңесине телефон чалып, Айбек аны катуу сабаганын, көрүүсү начарлап калганын айтып, келүүсүн суранган. Бирок эжеси бара алган эмес. Эртеси эртең менен ага Айнуранын асынып алганын билдиришкен.

Соттолуучунун туугандары жана кээ бир кошуналары, тескерисинче, жубайлардын ортосунда чыр -чатактар сейрек болгон деген пикирде. Алар Айбек көп учурда спирт ичимдигин ичкенине дагы күмөн санашкан. Алардын айтымында, соттолуучуда көз карандылык болгон эмес.

Соттук психологиялык жана психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, шектүүдө психикалык оорунун белгилери көрсөтүлгөн эмес. Ал окуя учурунда жана азыркы убакта өзүнүн кылган иш-аракетине жооп бере алат.

Ала-Бука райондук соту 2021-жылдын 28-июлунда Кылмыш кодексинин 136 -беренеси менен шектүүнү  5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда судья ага 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуп, жазасын өтөөдөн бошотулту. Ал Кылмыш кодексинин 75 -беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 60 саат коомдук жумуш кылууга буйруган. Ал сот залында камактан бошотулду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2210