Өлкөдө бир жылда өсүмдүк майынын баасы дээрлик 1,5 эсеге кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Өсүмдүк майына болгон баалар республика боюнча 45,7% жогорулаган. Күн карама майынын чекене баалары республика боюнча орточо эсеп менен өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 42,2% жогорулаган, ал эми пахта майынын баасы 48,4 % өстү.
Күн карама майы:
Кара-Суу (184,61 сом),
Ош (183,85сом)
Нарында (183,60 сом) кымбатырак экени байкалган.
Ал эми пахта майы:
Токмок (196,16 сом),
Жалал-Абад (186,13 сом)
Токтогул (184,78 сом) шаарларында салыштырмалуу жогору экени аныкталды.
Эскерте кетсек, Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоону эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баалар өсүшү ыктымалдыгын эскерткен.