Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев Нарын Айыпты эскерди.
“Акыркы сөз… Акыркы чекит… Шум ажал алып кетти деп жазабыз. Акыркы сөздү, акыркы чекитти коебуз. Адамдын бүткүл өмүрү, бу чекит менен он сегиз миң ааламдын чекитине айланып, өмүр өкүм, о дүйнө салып кетер…
Кече эле маңдайыбызда жүргөн Нарын Айыптын алыскы сапарга дүйнө салганы аны билгендерди, сыйлагандарды, урматтагандарды кайгы капасына салып, дүйнөсүн эңшерилтип турган чак…
Кагуусунан жүрөк токтоп калса да, жанып турган карегинен анын көкүрөк учундагы эскерүүсү, эстутуму, кыял-адаты ар бирибиздин жаадыбыздан түнөк тап, уңгу ойлордун ыракымы көздөн сыгылат…
Нарын Айып… сөз майдангери, кыргыз улут демократиясына өзүнүн көз карашы, дүйнөтаанымы, турмуштук, жарандык бекем тутуму менен карапайым жашоонун үлгүсү боло алды… Интеллектуал, ой сандыгы кенен, бир канча тилдерде эркин сүйлөгөн, соң заман журналистикасында балбылдап жанган бир чырак эле…Антип айтаарга, негиз да, жүйөө да бар. Нечен маектери, интервьюлары кыргыз журналистикасынын тарых барактарына айланды. Өмүр өттү сөз калды, заман көчтү ой калды.
Акыркы сөз да, акыркы чекит да Нарын Айып жөнүндө… Адам катары жупуну жашап өтсө да, инсан катары өз ысмын миңдеген жүрөктөргө жазып кетти…
Кош Нарын байке, рухуңуз Улуу Тоолордон куралган, өмүр суусу Нарындай түбөлүк болсун…”,- деп эскерди Султан Раев.
Бүгүн, 13-февралда белгилүү журналист Нарын Айып 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.