Нарын Айыпты кесиптеши эскерет
254
7-каналдын журналисти Мимоза Жанибек кызы Нарын Айып тууралуу пост жазды. Анын эскерүүсүндө төмөндөгүдөй деп жазылат.
«Нарын Айып агайыбыз мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Агай, сизди минтип жоктоп, жазып калабыз деп эч ойлобоппуз. Эчкимге жаман сөз айтпаган, чымынга да зыяны жок жан элеңиз го. Бүгүн эртең менен эле бизге планёрка өтүп жатып, “көз жумду” деген сөздү эфирге айтып жатканда ар кандай синонимдер менен айтсаңар болот. Эмне үчүн акка моюн сунду, каза болду деп айтпайсыңар деп”,- деп үйрөтүп жаткан. Ошондо биз менен коштошоруңузду сездиңиз беле?
1 жыл мурун 7-канал өзүбүздүн кызматкерлер тууралуу “Биздин кызматкерлер” деген программа чыгаралы деп, эң биринчи сизди тарттым эле. Ушул сүрөттөгү диванда отуруп, божурап сүйлөп бердиңиз эле. Бүгүн ушул диванда жатып, кете бердиңиз агай… Агайга некролог даярдап жатып да, дале ишене албай турдум, нес абалда болдум. Түш болуп кетсе деп тилендим, бирок ажалга айла жок тура. Ичер суубуз түгөнгөндө Аллах Таалам ушинтип эле акырын алып кетет тура…
Ар бир эфирге чыккан сайын өзүнүн кеп-кеңештерин айтып, сындап турчу, көп нерсени үйрөттүңүз. Адамдар чындыктан качат деп көп айтаар элеңиз. Агай экөөбүз бир кабинетте отурган үчүн, эртең менен мен жумушка келгиче, агай менден мурун келип отуруп калчу. Баш көтөрбөй жумушуна аябай берилгендик менен мамиле кылчу. Сиздей убакытка так адам аз эле болсо керек. Эфирлердин ар бирин зээрикпей текст кылып жазып, аябай маани берет эле. Наам, сыйлык деп деле жулунбапсыз. Сиз жөнүндө көп жазабыз, көп эскеребиз. Сиздин элесиңиз ар дайым эсибизде сакталат. Бизге чынчылдыктын, убакытка тактыктын, адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөттүңүз. Кошуңуз агай, тынч уктаңыз! Бейиштин гүл бакчасын аралап жүрүңүз»,- деп эскерген.