Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзамактыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.
Мыйзам салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштыкжана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.