7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүт азыктарынын чектөөсүн жоюу… Шакиев менен Володиндин жолугушуусу

404

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россиядагы расмий иш сапарынын алкагында Федералдык жыйындын мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

“Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз” – деген Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары, экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 3,2 млрд АКШ долларына жеткенин белгилеп: “Бирок бизде мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Андыктан бул жаатта да кызматташтыкты кеңейтүү учур талабы”, – деди.

Анын ичинен түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү.  

Ошондой эле ар кандай себептерден улам Россиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого мамлекеттик Думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды.

Вячеслав Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36%ы россиялык инвесторлорго таандык экенин мисал кылды. Айрыкча кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Россиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан мамлекеттик Думанын төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын белгиледи.

“Алакаларды арттырууда парламенттик кызматташтыктын да ролу чоң. Андыктан Парламенттер аралык комиссиянын ишин активдештирип, жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди биргелешип чечүүгө аракет кылышыбыз керек”,– деди Володин.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

405