7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
37°C

Садыр Жапаров «Соцконтракттын» алкагында жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдү кыдырды (ФОТО)

302

Президент Жапаров бүгүн, 25-апрелде, күтүүсүздөн барып, «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөлөрдү кыдырып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатабы, алар чындап эле чакан ишкерликке багытталуудабы — мына ушуларды сурап, каражат алган үй-бүлөлөр бул программанын алкагында иш жүзүндө кандай пайда көрүп жатканына кызыкты. Жергиликтүү тургундар бул каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти. Ошентип, алар өз аймагында чакан бизнес ачып, үй-бүлөсү үчүн киреше алуучу булак жаралганын белгилешти.

“Социалдык контракт” долбоору президент Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда. Ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилет.
Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.

Алсак, 2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.

2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди. Быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан аталган долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

303