7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саатына 2000 сомдон алып сойкулук менен алектенген келин, сотто жазадан бошотулду

2933

Ош шаарында сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жай уюштурган келин, сотто жазадан бошотулду. Бул тууралуу Турмуш басылмасы жазып чыкты.

Ош ШИИБинин маалыматына ылайык, 1991-жылы туулган Кочкорлук келин 24-июлда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, сойкулук менен алектенип жаткан жеринен кармалган.

Тергөөнүн маалыматтары боюнча келин сойкулук менен алектенүү үчүн ушул жылдын 22-июнунан 24-июнуна чейин Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен ижарага батир алып, көмүскө жай уюштурган. 24-июнда аталган жай тинтүүгө алынып, келин кардары менен кармалып, жанынан 2000 сом табылган. Бул акча видеокамеранын жана күбөлөрдүн катышуусунда алынып, протокол түзүлгөн.

Соттук отурумда келин күнөөсүн мойнуна толук алып, алгач өзү жалгыз иштеп, кардарлардан саатына 2000 сомдон алганын айтып берген. Кийинчерээк Чүйдүн Сокулук районунан тааныш кызы келип, экөө иштеп башташканын жашырбайт.

  • Айыпталуучу Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулукка жана ыпыластыкка көмөктөшүү) менен күнөөлүү деп табылып, 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
  • Жазык кодексинин 79-беренесине (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) ылайык, Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 23-июнундагы өкүмү менен белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 5 жылга эркинен ажыратылды.
  • Жазык кодексинин 83-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 2 жыл 6 айлык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, жаза өтөөдөн бошотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2934