7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сабап, бутуна отвёртка сайып…» Таласта каракчылыкка шектелген 2 жаран кармалды

810

Таласта милиция кызматкерлери отвертка менен коркуткан жарандарды кармады. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас РИИБге Орто-Арык айылынын 42 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 25-марттын түнүндө Талас шаарынын батыш тарабында жайгашкан “Алтын-Казык” соода борборунун алдынан эки бейтааныш жаран сабап, бутуна отвертка сайып коркутуп, уюлдук телефонун, 50 миң сом акчасын, 10 литр мотор майын жана унаанын фильтрин күч колдонуп алып койгондугун билдирген.

Окуя болгон жерге тергөө оперативдик тобу чыгып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда жабырлануучу Бишкектен Таласка такси кызматын аткарып, жүргүнчүлөрдү жеткирип келген жана тонолуп кеткен акчалар Бишкектен берип жиберген адамдардыкы (передача) экендиги такталган. Аталган факты РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 206-беренеси (тоноочулук) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811