Ысык-Ата районунда бир тууган инисинин өлүмүнө шектелип агасы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, кечээ, 7-апрелинде Ысык-Ата РИИБине телефон чалуу болуп, анда Төмөнкү-Серофимовка айылына жакын жайгашкан дачалардын биринде жаран бычак менен жаракат алгандыгы тууралуу кабарланган.
Териштирүү учурунда ал 1976-жылы туулган С.А. аттуу жаран экендиги такталган жана анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, маркумдун бир тууган агасы 1974-жылы туулган С.Р. кармалды.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.