7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сабырбек Жумабековго «2020-жылдын травматология жана ортопедия жаатындагы мыкты окумуштуусу» наамы берилди

264

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековго «2020-жылдын травматология жана ортопедия жаатындагы мыкты окумуштуусу» наамы берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Чикагодогу эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борборунун (International Achievements Research Center) тандоо комитети алдыңкы илимий интернет-басылмаларды, илимий-популярдуу басылмаларды мониторинг кылуу жана контент-анализ ыкмасы аркылуу академиялык чөйрөнүн жана башка окумуштуулардын өкүлдөрү берген сунуштамаларга изилдөө жүргүзгөн. Сынакка дүйнөдөгү бардык окумуштуулар, инженерлер, изилдөөчүлөр катыша алат.

Маалыматка ылайык, клиникалык жана эксперименталдык травматология жана ортопедия жаатындагы фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөргө кошкон салымын, жарыяланган жана алынган патенттеринин санын, доктордук жана кандидаттык диссертация алуудагы ийгиликтерин, илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуусун, илимий чөйрөдөгү лидерлигин, улуттук жана эл аралык сыйлыктарын эске алуу менен Сабырбек Жумабековго «2020-жылдын травматология жана ортопедия жаатындагы мыкты окумуштуусу» наамы берилди.

Сынактын жыйынтыгында, жеңүүчүгө эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

265