7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров 3 күндүк иш сапары менен Америкага барат

182

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясына катышуу үчүн АКШга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

“Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат”, — деп берилет маалыматта.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Президенттин БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш, Америка, Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн мамлекеттеринин жана делегацияларынын башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

183