7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору менен жолугушту

637

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту.

Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ырааттуулугун канааттануу менен белгилеп, эки өлкө Президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Биргелешкен холдинг компаниясы каржылаган долбоорлорду тез арада ишке киргизүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Мухаммад Саиф Аль Сувэйди Фонддун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, белгиленген пландарга жетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо ниетин билдирди жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалы жетишилген макулдашуулардан алда канча жогорулаганын кошумчалады.

Аягында Президент Садыр Жапаров өткөрүлгөн жолугушууга канааттангандыгын билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады.

638