7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
99,90
EUR 0,00%
1,17
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
16°C

Садыр Жапаров айрым сот, судьялардын ыйгарым укуктарын токтотту

1543

Жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Судьялар кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына жергиликтүү соттордун айрым судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, аларды кызматтан бошотуу боюнча сунуштар келген.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Ош облусунун административдик сотунун жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

1544