UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунан түшкөн сүрөттөрдү Инстаграм баракчасына жарыялады.
«Таанышканыма кубанычтамын. Кыргызстанда “Eagle FC” турнирин уюштурууга жардам берип, колдоо көрсөткөнүңүз үчүн чоң рахмат. Биз эмки жылы дагы турнир менен келебиз», — дейт спортчу.
Эскерте кетсек, Бусурманкул Абдибаит уулу кечээ, 3-августта жеңил салмактагы категорияда “EFCнин” жаңы чемпиону болду. Мушташ Чолпон-Ата шаарынын спорт комплексинде өттү. Иш -чаранын ардактуу коногу UFCнын жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов болду.