7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров алгачкы ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшырды

437

Президент Садыр Жапаров алгачкы ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүндө жайгашкан жаңы көп кабаттуу турак жай комплексинен 549 батирдин ачкычы тапшырылды.

Президент өз сөзүндө бул иш-чаранын тарыхый маанисин баса белгилеп: “Бүгүн биз мамлекеттик турак жай программасынын алгачкы жемиштерине күбө болдук. Бул башталышы гана. Биз алдыда дагы 40 миңден ашуун батирди жарандарга тапшырмакчыбыз. Максатыбыз – ар бир кыргызстандыкты өз үйүнө жеткирүү,” — деди.

Скрябин көчөсүндөгү 15 кабаттуу 7 блоктон турган турак жай комплексинде:

  • 1 бөлмөлүү – 202 батир,
  • 2 бөлмөлүү – 202 батир,
  • 3 бөлмөлүү – 145 батир бар.

Жалпы аянты 33 миң чарчы метрди түзгөн комплекс жашоо үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Жылытуу, суу, электр энергиясы борборлоштурулган, 119 унаа үчүн жер астындагы токтоочу жайы бар.

438