7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Апрель революциясынын баатырларын эскерди

1002

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин эскерди.

Мамлекет башчысы 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду. Андан соң чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитинде куран окулду.

Иш-чарага ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык Соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1003