Ошто аялды тоноп кеткен 32 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул жылдын 19-мартында Ош шаарынын тургуну (Аял киши) арыз менен кайрылган. Анда өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдында болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз атуул муунтуп, колундагы сумкасын жана «Редми 7А» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыштардын бирдиктүү ресстирине ЖКнин 206-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган.
Ыкчам иштеринин натыйжасында 6-апрель күнү кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1990-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ушул жылдын январь айынан бери бир нече жолу аялдарга кол салуу фактысына шектүүнүн тиешеси бар экендиги аныкталган.
Мурда эки жолу соттолгон шектүү мурда жасаган кылмышы үчүн пробациялык мөөнөтүн өтөп жатканы белгилүү болду.