7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Астана шаарына барат

503

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) (Астана ш.) бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында 13-октябрда Мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат.

Андан соң, 14-октябрда ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров “Борбор Азия – Россия” форматындагы 1-саммитке катышат. 

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, “Борбор Азия – Россия” форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

504