7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келтирилген чыгым 63.8 млн сом. «Ансар Групп» кооперативинин жетекчилери кармалды

811

“Ансар Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө аталган кооперативден алданып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандардын саны 59 адамга жетти.
Жарандарга келтирилген чыгым 63.8 млн. сомду түзөт.

Алардын көпчүлүгүнө аталган кооператив турак-жай сунуш кылышып, ар кандай суммадагы акчалай төлөмдөрүн алышып, бирок үй алып бере алышкан эмес. Акчалары дагы кайтарылбаган. Көпчүлүк жабырлануучулар кооператив тарабынан убадаланган үйлөр берилбегендиктен, убадаланган үй берүү мөөнөттөрү өтүп кеткендиктен арыз жазууга мажбур болушкан. Жабырлануучуларлын арасында 5 млн. сомдон ашыкча акча берген жабырлануучулар бар.

Учурда “Ансар Групп” коммерциялык эмес керектөөчү кооперативине жана андагы тиешелүү жооптуу адамдарга туура юридикалык баа берүү максатында кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кылмыш ишинин алкагында 9-октябрь күнү шектүү катарында “ Ансар Групп” кооперативинин республика боюнча жетекчиси 1994-жылы туулган Ш.Э. жана аталган кооперативдин Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси 1995-жылы туулган С. уулу А. кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Эртеӊ кармалгандардын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы аталган кооперативден жабыр тарткан жарандар болсо 03222-4-82-82 номери аркылуу байланышып коюуну суранат»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

812