7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды

741

Президент бүгүн, 7-июнда, Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди

Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров «Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда» темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742