7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды

404

Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, “Европа Биримдиги-Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунун алкагында Австриянын тышкы иштер министри Михаэль Линхартты кабыл алды. Президент Садыр Жапаров австрия тарапка экономикалык форумга колдоо көрсөткөндүгү жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз бул платформа келечекте Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калышын каалайбыз», — деди ал.

Мамлекет башчысы Австрия Кыргызстандын Европа Биримдигиндеги маанилүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.

Ал келерки жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгын белгилөө пландалып жатканын эске салды. “Бул убакыттын ичинде биз кызматташуунун жемиштүү жолун басып өттүк. Келерки жылы эки тараптуу кызматташуубуздагы маанилүү датаны эске алуу менен биз Австрия тарабына бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү, кызматташуубуздун бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштайбыз”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Австрия менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.

“Бизде соода-экономикалык кызматташтык үчүн пайдаланыла элек олуттуу потенциал бар деп эсептейбиз”,- деген Мамлекет башчысы, Кыргызстан эки өлкө ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн товарлар тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экенине өзгөчө көңүл буруп, Австрия менен чакан жана кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызматташтыкка кызыгуусун билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Линхарт кыргыз тараптын меймандостугуна жана дүйнөдөгү пандемияга байланыштуу кырдаалга караабстан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруусуна ыраазычылык билдирди.

Ал Австрия Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын ичинде Афганстандагы кырдаалды эске алуу менен регионалдык маселелер боюнча дагы.

Жолугушуу жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндө, ошондой эле туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

405