7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бахрейндин Улуттук музейине барды

428

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде, Бахрейн Королдугуна расмий сапарынын алкагында Манама шаарындагы Бахрейн Улуттук музейинде болду.

Мамлекет башчысы өлкөнүн музейдин экспонаттарында көрсөтүлгөн байыркы Дильмун цивилизациясынан баштап заманбап Бахрейнге чейинки ар кыл мезгилдерди камтыган бай маданий жана тарыхый мурастары менен таанышты.

Негизги археологиялык табылгалар, Бахрейн элинин салттуу жашоосу, ошондой эле мамлекеттин өнүгүү тарыхы тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров тарыхый жана маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Бахрейн тарапка жылуу кабыл алгандыгы жана өлкөнүн кылымдарды карыткан тарыхы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

429