7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Башка тилдерге каршы болбошубуз керек

295

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды кыргызча сөздөрдү колдонууга чакырып, буга бир катар мисалдарды келтирди. Ошондой эле шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айткан төрага, бүгүн биз тилибизди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин толугу менен жоготуп алабыз деп чочулады. Чын эле эне тилибиз жоголуп кетүү коркунучундабы? «Кабар» агенттиги бул боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин укту.

— Садыр Нургожоевич, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев интернетте орусча, англисче тилдердеги бардык контенттерди бөгөттөп, кыргыз тилинде гана калтырууну сунуштады. Ал муну аймактарда жаш балдардын тили кыргыз тилинде эмес, орус жана англис тилинде чыгып жатат деп түшүндүрдү? Ошондой эле, балдардын ысымдары ашыкча арабдашып кеткен деп нааразы болду. Төраганын мындай пикири учурда соцтармакта кызуу талкууда. Бул маселеге карата сиздин пикирди билсек?

— Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурланбек Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка.

Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. Баарлашуунун куралы болгон бул эки тил БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын негизги тилдеринин бири катары кеңири колдонуларын баарыбыз билебиз.

КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот.

Өздөрү айтышат «Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз» деп.

Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Мен дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: “Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле” деп. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле. Орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тилчилерге муктажбыз. Балдарыбыздын жаш кезиннен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.

Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес, беш тилде эркин сүйлөп калышса. Элибиз канчалык көп тил билсе, ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдин каада салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнөт.

Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек.

Ал эми кыргыз тили эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз.

90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз.

Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек. Албетте кыргыз тилге да катуу көңүл бурабыз. Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле?

Ал эми арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы, Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет.

Мамлекеттик саясаттын бирден-бир мааниси бар багыты — бул улуттук баалуулуктардын сакталышы жана өркүндөшү. Кылым карыткан тарыхыбыз, маданиятыбыз жана жаркын келечекке карата улут катары умтулуубузга мамлекеттик деңгээлде шарт түзүү. Ал үчүн биринчи кезекте башка улуттар, маданияттар менен жакшы алакада болуу, өз ара карым-катнашты күчөтүү. Ошондуктан башка тилдерди, маданияттарды жээригенибиз одоно көрүнүш. Балага кыргызча атты коюу кимдир бирөөнүн буйругу менен эмес (!), ар бир инсандын улуттук баалуулуктарды урматтоосу менен аныкталат.

Ошондуктан улуттун маданий жана руханий баалуулуктарын өнүктүрүү башкы мааниге ээ.

Маектешкен Кыргыз улуттук «Кабар» агенттигинин башкы директору
Медербек Шерметалиев

 

296