7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров баштаган футболдук турнирден сүрөттөр

501

Бүгүн, 27-майда, “Газпром — балдарга” дене тарбия – ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде иш-чаранын ачылышы болду. Турнирге 16 команда катышууда.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен баарын куттуктап, бул төртүнчү турнир экенин эске салды.

Садыр Жапаров бул турнирге кызыгуу барган сайын өсүп жатканын канааттануу менен белгиледи. Бүгүнкү курамда Курултайдын делегаттарынан турган жаңы команда бар.

Ал алгач бул иш-чаранын максаты бардык кыргызстандыктарды спортко тартуу, сергек жашоого үндөө болгонун баса белгиледи.

«Ар бир өлкөнүн келечеги – биринчи кезекте дени сак улут. Дени сак улут – бул күчтүү өлкөнүн анык белгиси. Келечекте бизге башка командалар да кошулуп, биз мындан да көп болобуз, деп ишенебиз», — деди мамлекет башчы.

Президент Садыр Жапаров эң күчтүү футбол командасына жеңиш каалады.

Оюндар өткөн жолкудай эле «Газпром — балдарга» спорт комплексинин эки жеринде (А жана В группалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (С жана D группалары) өткөрүлөт.

Эске салсак, командалар төрт группага бөлүнөт:

А группасы: «Президенттин командасы», «Фемида», «Ыйман», «Алга»;

В группасы: «Спорттук федерациялар», «Жогорку Кеңеш», «Ден соолук», «Аймактар»;

С группасы: «Коопсуздук», «Бизнес», «Спорт жылдыздары», «Билим»;

D группасы: «Достук», «Өнөр», «Курултай», «Журналисттер».

Эртең, 28-майда, чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

502