7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Баткендин Зардалы айылына барды

518

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барды. Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Ал алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров келерки жылдын жазында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты. Айыл тургундары Президентке ыраазычылык билдирип, бул Мамлекет башчынын алардын калктуу конушуна болгон биринчи сапары экенин белгилешти.

Алардын айтымында, негизги көйгөйлөр болуп жолдун жана электр энергиясынын жоктугу саналат. Мындан тышкары, жашоочулар уюлдук байланыш маселесин чечүү өтүнүчү менен кайрылышты, ал боюнча Президент Садыр Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

 

519