7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров белгилүү альпинист Эдуард Кубатов менен жолукту

478

Президент Садыр Жапаров Эвересттин чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм Федерациясынын президенти Эдуард Кубатов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнү даңазалаган атамекендик спортчулардын ийгилигин жогору баалаарын белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи. Мамлекет спортчуларга колдоо көрсөтүүнү улантат жана жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзөт.

Өз кезегинде Эдуард Кубатов жолугушуу үчүн президентке ыраазычылык билдирип, дүйнөдөгү бардык 14 сегиз миңдик чокуларды багындыруу ичине кирген эң абройлуу жана татаал «Жер Таажысы» программасына катышкандыгы тууралуу айтып берди.

Ал үстүбүздөгү жылдын апрель айынан июль айына чейин дүйнөдөгү эң татаал үч — Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап жатканын айтты. Ошол эле маалда чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөт.

Аягында Садыр Жапаров Эдуард Кубатовго Кыргызстандын желегин тапшырып, чокуларды багындырууда ийгиликтерди каалады.

479